Офертанын төмөндө баяндалган тексти (мындан ары - Оферта) жеке жактарга (мындан ары - Колдонуучу) даректелген, мындан ары «Компания» деп аталган «ДэвКэтс» Жоопкерчилиги чектелген коомунун (жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2, 2-блок) Колдонуучу менен, мындан ары биргеликте «Тараптар» деп аталган, бул Офертада жана Сервистин башка баракчаларында баяндалган шарттарда, «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жайгашкан «О!Маркет» сервисин (мындан ары - Сервис) колдонуу жөнүндө макулдашуу түзүүгө расмий жалпыга ачык сунушу болуп саналат. Сервисти колдонуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Келишим) Колдонуучу тарабынан бул Офертада белгиленген жана Колдонуучу бул Офертанын бардык шарттарын эч бир алып салуусуз же чектөөсүз, кошулуу шарттарында толук жана сөзсүз кабыл алганын (акцепт) тушүндүргөн кыймыл-аракеттерди аткарган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет жана Келишимдин күчүнө кирет. Бул Офертанын шарттарын кабыл алуу (акцепт) боюнча иш-аракеттерди аткаруу менен, Колдонуучу ѳзүнүн укукка жана иш-аракетке жѳндѳмдүүлүгүн, ошондой эле Компания менен келишимдик мамилелерди түзүү боюнча мыйзамдуу укукка ээ болуп, эч кандай чектѳѳ жок экенин ырастайт. Колдонуучу Офертанын шарттары менен толук же жарым-жартылай макул болбогон учурда, ал Сервисти колдонуудан баш тартууга милдеттүү. Жогоруда баяндалган жоболорго карабастан Компания Колдонуучунун Келишимге кошулуусунан өз ыктыяры боюнча баш тартууга укуктуу. Офертанын колдонулуу мөөнөтү чексиз. Колдонуучу Офертанын шарттарын кабыл алуу (акцепт) боюнча иш-аракеттерди аткарган учурга чейин милдеттүү түрдө таанышып чыгуусу үчүн Келишимдин актуалдуу редакциясы Компаниянын расмий сайтында market.o.kg дареги боюнча жана Мобилдик тиркемеде жарыяланган. Колдонуучу, бул Офертанын бардык шарттары ага түшүнүктүү экенин, жана ал аларды шексиз жана толук түрдө кабыл алганын кепилдейт. Колдонуучу логин жана шартбелгинин коопсуздугу үчүн, аларды жоготуу, ачыкка чыгаруу, урдатуу үчүн жана Колдонуучунун каттоо маалыматтарын өз максатында пайдаланган үчүнчү жактардын иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчилик тартат, ошондой эле алардын купуялуулугун өз алдынча камсыз кылат. Тараптар, Сервистеги Жеке кабинетке кирүүдө Колодонуучу тарабынан логинди жана шартбелгини колдонуу Колдонуучунун жөнөкөй электрондук кол тамгасына барабар экенин таанышат жана талашышпайт. Бул Офертаны кабыл алуу менен Колдонуучу Компанияга, бул Офертанын шарттарына ылайык Келишим түзүү жана анын кийинкиде аткарылышы максатында, өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгуунун кайсы болбосун ыкмаларына мөөнөтсүз, чакырып алуусуз жазуу жүзүндөгү макулдугун эркин, өз эрки менен жана өз кызыкчылыгында берет. Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун ыкмаларына автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же андай каражаттарды колдонуусуз жеке маалыматтар менен жүргүзүлгөн кайсы болбосун иш-аракет (операция) же иш-аракеттердин (операциялардын) жыйындысы, анын ичинде жеке маалыматтарды чогултуу, жазып алуу, тутумдаштыруу, жыйноо, сактоо, тактоо (жаңыртуу, өзгөртүү), чыгаруу, колдонуу, өткөрүп берүү (жайылтуу, берүү, жетүү мүмкүндүгүн берүү), ээсиздендирүү, бөгөттөө, өчүрүү, жок кылуу кирет. Сервис Колдонуучунун максималдуу ыңгайлуулугуна жетүү үчүн, жекелештирилген маалымат берип, маркетинг жана продукция жаатындагы артык көргөндөрүн эстеп калып, ошондой эле туура маалымат алууга жардам берип, cookie файлдарды же буга окшош технологияларды колдоно алат. Сервисти колдонууда Колдонуучу cookie файлдарды же буга окшош технологияларды колдонууга макулдугун ырастайт. 1. Терминдер жана аныктамалар 1.1. Авторлоштуруу – Колдонуучу тарабынан киргизилген аутентификациялык маалыматтарды талдоо жана салыштыруу процесси, алардын жыйынтыгы боюнча Колдонуучунун Сервистин кызматтарына жетүүгө укугу бар экендиги аныкталат. Авторлоштуруу Компания тарабынан Компаниянын программалык-аппараттык каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт. 1.2. Аутентификациялык маалыматтар – Интернет тармагынан жана/же Мобилдик тиркеме аркылуу Сервиске кирүү үчүн колдонулуучу уникалдуу Колдонуучунун аты (логин), шартбелги. Аутентификациялык маалыматтар Колдонуучу Сервиске катталган учурда Колдонуучуга берилет. 1.3. Верификациялоо – Компания тарабынан белгиленген, мыйзамдарга каршы келбеген жолдор менен жүргүзүлүүчү Колдонуучуну текшерүү иши. 1.4. Келишим – КРдин ЖКнын 176-б. ылайык Сервисте жана/же Колдонуучунун Жеке кабинетинде жарыялануучу, Сервистеги кызматтарды көрсөтүү боюнча Тараптар ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу бул Келишим, ошондой эле башка документтер жана кабарламалар, анын ичинде электрондук түрдөгү. 1.5. Жеткирүү/Курьер – Буйрутмалар боюнча Колдонуучуларга Товарды жеткирүүнү, өз алдынча же транспорттук логистикалык, курьердик кызматтарды же үчүнчү жактарды тартуу менен, уюштуруу боюнча Компаниянын кызматы. 1.6. Буйрутма – Сервистеги тандалган Товарларды сатып алууга жана аларды Колдонуучу көрсөткөн дарек боюнча же өзү алып кетүү аркылуу жеткирүүгө Колдонуучунун кадимкидей таризделген суроо-талабы. 1.7. Конклюденттик аракеттер – Келишим түзүүгө макулдугун/эркин билдирген Колдонуучунун аракеттери. Бул Офертанын шарттарында бул Келишимди түзүү үчүн зарыл болгон Конклюденттик аракеттер бул Офертанын 4-бөлүмүндө белгиленген. 1.8. Жеке кабинет (аккаунт)– Колдонуучу өзү белгилеген (жайгаштырган) Колдонуучунун курчоосунун маалыматтарынын жана жөндөөлөрүнүн жыйындысы. Кайсы Колдонуучу болбосун бир Жеке кабинетке гана ээ болууга укуктуу. 1.9. Материалдар– Колдонуучу же Компания тарабынан Сервсите жайгаштырылган кайсы болбосун маалымат/контент. 1.10. Мобилдик тиркеме – Сервисти колдонууга мүмкүндүк берген, Сервистин катышуучуларына арналган, Android жана iOS (бирок алар менен чектелбестен) операциялык системаларынын негизиндеги Компаниянын программалык камсыздоосу. 1.11. Колдонуучунун жеке маалыматтары– катталуу учурунда же Сервисти колдонуу процессинде Колдонуучу тарабынан өзү жөнүндө өз алдынча берилген Колдонуучу жөнүндө маалыматтар же маалыматтардын жыйындысы, алардын ичине Колдонуучунун жеке маалыматтары, Сервисти колдонуу процессинде Компанияга автоматтык түрдө берилген маалыматтар, алардын ичинде IP-дарек, cookie’ден маалымат, Колдонуучунун браузери жөнүндө жана Колдонуучу жөнүндө башка маалыматтар, кирет. 1.12. Акы төлөнүүчү кызматтар– бул Келишимде каралган тартипте Сервис тарабынан Колдонуучуга акыга көрсөтүлгөн кызматтар. 1.13. Колдонуучу— бул Келишимдин шарттарын кабыл алган жана Компанияга өзүнүн жеке маалыматтарын берген аракетке жөндөмдүү ар бир жеке жак же юридикалык жак. Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар Сервиске катталуу аркылуу же Сервисти колдонуунун жүрүшүндө берилет. Жеке маалыматтар, бул Келишимде каралган шарттарда жана Компания менен ушундай Колдонуучу ортосунда түзүлгөн айрым жеке макулдашуулар боюнча, Сервистин кызматтарын көрсөтүү үчүн же Колдонуучу акы төлөнүүчү кызматтарды алуу үчүн Компания/үчүнчү жактар тарабынан колдонулушу мүмкүн. 1.14. Сервис – Компаниянын аппараттык комплекстерин жана программалык камсыздоолорун интеграциялоо үчүн арналган техникалык чечим, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: market.o.kg Интернет-булагын (Сайтын), Сайтка карата ар кандай операциялык системаларынын негизиндеги тиркемелерди жана башка сервистерди, Жеке кабинеттерди, ошондой эле программалык камсыздоону, Сайттын дизайнын (графикалык жасалгалоосу), Мобилдик тиркемени жана башка сервистерди, маалымат базаларын, сервистердин кайсы болбосун бөлүмү (бөлүмчөсү), ошондой эле Сервистин башка катышуучулары тарабынан Компаниянын сервистеринде жайгаштырылган маалымат. Сервис Колдонуучуларга, мыйзам, бул Келишим жана Сервисти колдонуунун башка эрежелери тарабынан сатууга жана/же сатып алууга уруксат берилген Товарларды сатып алуу үчүн Буйрутма тариздөөгө, ушундай Товарларга карата жарыяларды жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү инструмент. 1.15. Спам — массалык, санкцияланбаган жана/же алуучулар күтпөгөн почталык же жарнамалык, маалыматтык, агитациялык же башка мүнөздөгү башка жибермелер. 1.16. Төлөө каражаты – менчик же зайым каражаттардын эсебинен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн, Колдонуучуга Буйрутманы жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген, Компания тарабынан белгиленген төлөө жолдорунун бири. 1.17. Товар – Сатуучу менен Колдонуучунун ортосунда түзүлүүчү сатып алуу-сатуу келишиминин предмети болуп саналган товарлар, иштер, материалдык-техникалык каражаттар, ошондой эле материалдык же материалдык эмес башка объекттер. Колдонуучу Сервиске тийиштүү жарыяны берүү аркылуу, бул Келишимдин алкагында, сатуучу катары чыга алат, же Сервистен Буйрутма тариздеген сатып алуучу болуп чычга алат. Сатуучу Товардын менчик ээси жана сатуучусу болуп саналат. Сервистен Товарларды сатып алууга-сатууга байланыштуу бардык өз ара мамилелер түздөн-түз Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда пайда болот. Компания Товардын сатуучусу болуп жана ылайыксыз сапаттагы Товарга карата Колдонуучунун талаптарын кабыл алууга жана канааттандырууга Сатуучунун ыйгырым укуктуу жагы болуп саналбайт. Бул бөлүмдө көрсөтүлбөгөн башка терминдер, аныктамалар жана шарттар Келишимдин шарттарынын контекстинен келген мааниге ылайык чечмеленет, же бул Келишимге болгон Тиркемелерде, бөлөк макулдашууларда же Сервистин башка документтеринде аныкталат. Келишимде колдонулуучу терминди же аныктаманы чечмелөө тууралуу кайсы келишпестиктер болбосун пайда болгон учурда, Компания тарабынан аныкталган чечмелөө колдонулат. 2. Келишимдин предмети жана жалпы жоболор2.1. Бул Келишим Колдонуучулар тарабынан жарыяларды жайгаштыруусу үчүн, ошондой эле Товарды сатып алууга карата Буйрутмаларды тариздөө, электрондук бүтүмтөрдү аткаруу жана башка Колдонуучулар менен байланышуу үчүн, Келишимде белгиленген шарттарда, Колдонуучунун Сервисти колдонуусунун шарттарын жана тартибин аныктайт. 2.2. Компания сатып алуу-сатуу келишими боюнча сатуучу болуп эмес, товардык агрегатор болуп саналат. Товарды сатып алууга-сатууга байланыштуу бардык өз ара мамилелер түздөн-түз Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда пайда болот. 2.3. Сервисти же анын айрым функцияларын колдонуу үчүн Колдонуучу катталуу процедурасынан өтүүгө тийиш, анын натыйжасында Колдонуучуга уникалдуу каттоо жазуусу түзүлөт. 2.4. Катталуу үчүн Колдонуучу, Компаниянын жана мыйзамдардын талаптарына ылайык, өзү тууралуу анык жана толук маалымат берүүгө, жана бул маалыматты актуалдуу абалда кармап турууга милдеттенет. 2.5. Эгерде Колдонуучу туура эмес маалыматты берген учурда же Колдонуучу берген маалымат толук эмес же анык эмес деп божомолдоого Компаниянын негиздери бар болсо, Компания өз ыктыяры боюнча Колдонуучунун аккаунтун бөгөттөөгө же өчүрүүгө жана өз сервистерин (же анын айрым функцияларын) Колдонуучу тарабынан колдонуусунан баш тартууга укуктуу. 2.6. Компания каалаган учурда Колдонуучудан ал Сервиске катталууда көрсөткөн кайсы маалыматтарды болбосун тастыктоону талап кылуу укугун өзүнө калтырат. 2.7. Бир Колдонуучу Компаниянын Сервисине бир жолу гана каттала алат. Катталуу жүзөгө ашкандан кийин жана катталуу Компания тарабынан ырасталгандан кийин, Колдонуучу Товарга буйрутма берүү, жарыя жайгаштыруу жана Сервистин башка кызматтарын колдонуу мүмкүндүгүн алат. Колдонуучуну Сервисте идентификациялаган негизги элементтер болуп катталууда көрсөтүлгөн логин жана шартбелги (авторлоштуруу үчүн маалыматтар) саналат. 2.8. Сервисте жайгаштырылган бардык жоболор, талаптар жана тигил же бул жагынан Тараптардын мамилелерин орноткон башка документтер бул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Тараптардын тийиштүү мамилелерин жөнгө салат. 3. Колдонуучу тарабынан сатып алуучу катары Буйрутманы тариздөөn3.1. Сервистен Буйрутманы тариздөө үчүн Колдонуучу өз алдынча Товарды тандоону жүзөгө ашырат жана тутумдун алгоритмин колдонуп, Товардын Буйрутмасын түзөт. 3.2. Буйрутманын тариздөөсүн бүтүрүү үчүн Колдонуучу Буйрутманы тийиштүү баскычты басуу менен ырастайт, жеткирүү зарылдыгын, даректи жана буйрутма берилген Товардын Жеткирүүсүнүн баасы менен макулдугун ырастайт. Буйрутманы Жеткирүү жана Товар жана анын Жеткирүүсү толук түрдө төлөнгөндүгү ырасталган учурдан тартып гана Товарлар Буйрутма деп эсептелет. 3.3. Буйрутма үчүн сумманы которуу жана Жеткирүү кызматтарын төлөө Компания тарабынан белгиленген Төлөө каражаты аркылуу гана жүргүзүлөт. 3.4. Буйрутманын тариздөөсү бүткөндөн кийин Сатып алуучу Буйрутманы жокко чыгара албайт же алмаштыра албайт. 3.5. Колдонуучу Буйрутмадан баш тарткан учурда, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 699-б. ылайык, Курьерге зыяндын ордун толугу менен толтурган шартта Колдонуучу акы төлөтүп кызмат көрсөтүү (жеткирүү) келишими – Курьердин жалпыга ачык офертасы боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартууга укуктуу экенин өзүнөт алат, ошондуктан Колдонуучу кайсы учурда болбосун Товардын Жеткирүүсүнүн толук наркын, ошондой эле Товарды Сатуучуга кайтыруу тартибинде жеткирүүнү төлөйт. 3.6. Тараптар, сатуучу Товардын менчик ээси жана сатуучусу болуп санааларын, жана Сервистен Товарларды сатып алууга-сатууга байланыштуу бардык өз ара мамилелер түздөн-түз Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосунда пайда болоорун так түшүнүшөт. Компания Товардын сатуучусу болуп жана ылайыксыз сапаттагы Товарга карата Колдонуучунун талаптарын кабыл алууга жана канааттандырууга Сатуучунун ыйгырым укуктуу жагы болуп саналбайт. 3.7. Компания Келишим боюнча төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт: 3.7.1. Товарлардын керектөө касиеттери үчүн, ошондой эле аларды сатыкка коюунун укук ченемдүүлүгү үчүн, Сатуучу тарабынан Сервисте жайгаштырылган маалыматтын аныктыгы жана анын жайгаштыруусунун укук ченемдүүлүгү үчүн. Колдонуучу ушуну менен бирге, Товардын сапаты, саны, комплекттүүлүгү жана башка касиеттери тууралуу кайсы болбосун дооматтар Колдонуучу тарабынан Сервистен буйрутма берилген Товардын сатуучусуна жөнөтүүлүгө тийиш экенине ушуну менен макулдугун берет. 3.7.2. Товарга карата Сатуучу менен Колдонуучунун ортосунда түзүлүүчү келишимдер боюнча милдеттенмелердин бузулуусу үчүн. 3.8. Сервистен Буйрутма аркылуу сатып алынган Товарды кайтаруусун/алмаштыруусун тариздөөнүн толук тартиби төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган: market.o.kg. 4. Колдонуучу тарабынан жайгаштырылган жарыяларга талаптар4.1. Сервистин Колдонуучусу жарыяларды Сервистин нускамаларына ылайык жайгаштырууга жана Товардын мүнөздөмөлөрү жана аны сатуу шарттары тууралуу анык жана толук маалымат берүүгө милдеттенет. Колдонуучу жарыяда көрсөтүлгөн Товар жөнүндө маалыматты текшерүүгө, жана туура эмес жана толук эмес маалыматтар табылган учурда жарыядагы тиешелүү маалыматтарды оӊдоого жана толуктоого милдеттүү. 4.2. Товары бар жарыяны жайгаштырып жатып Колдонуучу мындай Товарга карата жарыяда көрсөтүлгөн аракеттерди ишке ашыруу укугуна ээ экенин кепилдейт жана ырастайт. 4.3. Сервис жайгаштырылган Товарга карата же Колдонуучу берген маалыматтарга карата тастыктоочу документацияны же кошумча маалыматты сурап алууга укуктуу. Сервис мындай документациянын же маалыматты алганга чейин жарыялоону кармап турууга укуктуу. 4.4. Колдонуучу, жарандык жүгүртүүдөн алынып салынган объекттерден башка, ошондой эле мыйзамдарга ылайык атайын уруксат талап кылынган болсо, Колдонуучунун мындай уруксаты бар болгон шартта, ошондой эле колдонуудагы Сервисти колдонуу эрежелерин сактаган шартта ага таандык болгон кайсы болбосун Товарларды Сервистен сата алат. Компаниянын биринчи талабы боюнча Колдонуучу мындай атайын уруксаттарды берүүгө милдеттенет. 4.5. Сервистин кызматтарынын жогорку сапатын сактап туруу үчүн, Компания Колдонуучунун Сервистеги активдүү жарыяларынын санын чектөө укугун, ошондой эле Колдонуучунун Сервистеги иш-аракеттерин чектөө укугун өзүнө калтырат. 4.6. Колдонуучу тарабынан жарыяда көрсөтүлгөн Товардын сыпаттамасы бул Товарды сатуу шарттарын түзөт. 4.7. Жарыяда көрсөтүлгөн Товарды сатуу шарттары, ошондой эле жарыянын башка шарттары жарыяны жайгаштыруу учурунда дагы, андан кийин дагы колдонуудагы мыйзамдарга жана бул Келишимге каршы келбеши керек. Эгерде жарыянын кайсы бир шарты колдонуудагы мыйзамдарга жана/же Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында мыйзамдарга же бул Келишимге туура келбей калса же туура келбейт деп таанылса, мындай шарттар же мындай жарыя кайсы болбосун келишпегендиктерди четтетүү үчүн Колдонуучу тарабынан тийиштүү түрдө кошумчаланышы же өзгөртүлүшү зарыл. Тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес болгон учурда, мындай жарыя Колдонуучу тарабынан өчүрүлүшү керек. Бул пунктта көрсөтүлгөн учурлардын пайда болушунда Компания Колдонуучуга алдын ала билдирүүсүз мындай жарыяларды оңдоо же өчүрүү боюнча аракеттерди ишке ашыруу укугун өзүнө калтырат. 4.8. Жарыялардын предмети болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатылышына тыюу салынбаган жана чектөө коюлбаган, ошондой эле бул Келишимдин шарттарына каршы келбеген товарлар же кызматтар эсептелет. 4.9. Жарыяда сунуштун предметине туура эмес мүнөздөмө берилишине жол берилбейт. Ошондой эле Товардын чыныгы баасына туура келбеген баанын көрсөтүлүшү мүмкүн эмес (мисалы, -1 сом). Баа бүтүндөй Товарга толук көрсөтүлүүгө тийиш. Товардын баасы боюнча «келишим түрүндө» сыяктуу маалымат көрсөтүүгө болот. 4.10. Колдонуучу сата турган Товарды көрсөтүүчү фотосүрөт жарыянын башжазуусу менен текстине шайкеш келиши керек. Анда сунуш кылынып жаткан Товар гана орун алууга тийиш. 4.11. Колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жеңилдетүү максатында, Компания башка колдонуучулардын байланыш маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүнө чектөө коё алат. Бул Келишим башка Колдонуучулар тарабынан берилген маалыматтарды колдонуу укугун чектейт. 4.12. Нормативдүү эмес лексиканы жана кордоочу сөздөрдү, зомбулукту, расалык жек көрүүчүлүктү, порнографияны ж.б. үгүттөөгө карата чакырыктарды камтыган белгилер боюнча кодулоочу мүнөздөгү тексттерден турган жарыяларды жайгаштырууга жол берилбейт. 4.13. Колдонуучулардын жарыяларынын мазмуну (аныктыгы, тууралыгы) же алардын сыпаттамаларында булактарга берилген гипершилтемелер үчүн Компания жоопкерчилик тартпайт. 4.14. Жарыялар Сервистин тийиштүү функционалдык ырастоолорунан тандалган географиялык облус же шаар менен дал келүүгө тийиш. 4.15. Бир конкреттүү предмет, мүлктүк объект, вакансия, кызмат боюнча бир гана жарыя жайгаштырууга жол берилет. 4.16. Төлөө каражаты Компания тарабынан өз алдынча белгиленет. 4.17. Төлөө каражаты жана Товарды жеткирүүнүн ревизиттери жарыяда көрсөтүлгөн Товардын сыпаттамасына киргизилүүгө тийиш. 4.18. Товарды кайтаруу/баш тартуу тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары менен регламенттелет 5. Офертаны кабыл алуу жолу жана тартиби5.1. Келишим, бул Офертада каралган шарттарда, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 399-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Компаниянын Сервисине market.o.kg дареги боюнча же Мобилдик тиркемедеги Жеке кабинеттен Колдонуучу катталган учурдан тартып, жана/же жарыя жайгаштырган, Товарды сатып алууга Буйрутма берген, жана/же Сатып алуучуга жөнөтүү үчүн Товарды Курьерге өткөрүп берген, жана/же Сервистин кызматтарын төлөгөн, жана/же Сервис аркылуу сатылган Товар үчүн төлөмдү өткөрүп алган, жана/же Компаниядан жөнөтүүлөрдү өткөрүп алган жана/же кайсы бир сервистин/анын айрым функциялары колдонулган жана/же Колдонуучу тарабынан бул Келишимди аткарууга багытталган башка конклюденттик аракеттер аткарылган учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет. 5.2. Колдонуучу бул Келишимдин кайсы бир шарты менен макул болбогондо, Колдонуучу Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып, Сервистин кызматтарын колдонуусун токтотууга тийиш. 5.3. Ушуну менен Компания Колдонуучуларга Сервистин кызматтарын колдонуу менен жарыяларды жайгаштыруу жана издөө боюнча кызматтарды сунуш кылат. 5.4. Айрым кызматтарды көрсөтүү атайын эрежелер жана/же макулдашуулар, анын ичинде оферталар менен жөнгө салынышы мүмкүн. 6. Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби6.1. Компания тарабынан көрсөтүлгөн Сервистеги кызматтардын сапаттарын жакшыртуу максатында, мыйзамдардын талаптарын сактоо жана рынок шарттарынын өзгөрүүлөрүнө реакция кылуу үчүн жана башка негиздүү учурларда бул Келишимге Компания тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Келишимдин жаӊы редакциясы, Келишимдин жаӊы редакциясында же Компания тарап болуп эсептелген башка кошумча документтерде башка эч нерсе каралбаган учурда, коомго жайгаштырылган учурдан тарта күчүнө кирет. 6.2. Колдонуучу Келимшимге киргизилген өзгөртүүлөр менен макул болбогон учурда, ал Сервиске кирүү мүмкүнчүлүгүнөн баш тартып, Сервистин кызматтарын колдонуусун токтотууга тийиш. 6.3. Колдонуучулар Келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгөө укуктуу, ушуну менен бирге сунушталган өзгөртүүлөр боюнча акыркы чечимди Компания кабыл алат. 6.4. Колдонуучу, Колдонуучуларга жана бул Келишимге тиешелүү Сервистеги маалымат менен өз убагында таанышып чыгуу үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат жана тигил же бул маалымат менен, анын ичинде көрсөтүлгөн документтердеги өзгөртүүлөр менен, өз убагында эмес таанышып чыкканына, Колдонуучуну бул Келишим боюнча кабыл алынган милдеттерин аткарбоо үчүн же ылайыксыз аткаруу үчүн жоопкерчиликтен бошотуучу жагдай катары шилтөөгө укуктуу эмес. 7. Келишимге кошулуу акцептинин тартиби жана колдонулуу мөөнөтү 7.1. Бул Келишим, Колдонуучу каттоодон өткөн фактысына же жарыянын Сервиске жайгаштырылганына карабастан, Келишимдин 4.1. п. көрсөтүлгөн иш-аракеттерге ылайык, Колдонуучу тарабынан Сервистин кызматтары колдонула баштаган учурдан тарта күчүнө кирет жана мөөнөтсүз колдонулат. 7.2. Колдонуучу, Компанияны алдын ала эскертпестен жана себептерин түшүндүрбөстөн өзүнүн Сервистеги каттоосун бир тараптуу токтотууга укуктуу. 7.3. Колдонуучу менен түзүлгөн Келишимди Компания тарабынан токтотуу төмөнкү учурларда болушу мүмкүн: 7.3.1. Бул Келишимдин шарттары жана/же мыйзамдар Колдонуучу тарабынан бузулганда, Сервиске же Компанияга, анын ичинде анын аброюна, же Сервистин башка колдонуучуларына кандайдыр бир зыян келтирилгенде же келтирүү коркунучу болгондо; 7.3.2. Компаниянын же Сервистин саясатына каршы келген башка аракеттерди жасалганда. 7.4. Бул Келишимдин, башка кошумча документтердин жоболору же Компания тарабынан Сервисте жайгаштырылган жана Колдонуучу тарабынан акцепттелген эрежелер жана/же колдонуудагы мыйзамдардын, моралдын жана адеп-ахлактуулуктун ченемдери Колдонуучу тарабынан бузулган учурда, Сервис өз ыктыяры боюнча Колдонуучунун кирүү мүмкүнчүлүгүн токтотуу укугун өзүнө калтырат. Кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү токтотулган же маалыматтары жарамдуу болбой калган Колдонуучу кайрадан катталууга укугу жок, ошондой эле мындай Колдонуучунун Сервиске кирүү үчүн башка Колдонуучунун каттоо маалыматтарын колдонууга укугу жок. Укуктук мамилелер Компания тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн. 8. Электрондук билдирүүлөрдү, документтерди жана Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка маалыматты сактоо тартиби8.1. Компания электрондук билдирүүлөрдү, документтерди жана Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка маалыматты бул маалымат пайда болгон учурдан тарта 5 жыл аралыгында сакталышын камсыздайт. 9. Жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтардын, электрондук билдирүүлөрдүн, документтердин, Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо тартиби9.1. Компания жеке жана коммерциялык мүнөздөгү маалыматтарды, электрондук билдирүүлөрдү, документтерди, Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга байланыштуу башка маалыматты коргоонун ар түрдүү жеткиликтүү жолдорун аларды сактоо учурунда дагы, берүү процессинде дагы ишке ашырат. 9.2. Колдонуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ылайыктуулугун тастыктоо жөнүндө документтердин, сыноо протоколдорунун, Товарларды тастыктамалоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бар болуусун камсыздайт. 9.3. Колдонуучу Товарга карата керектүү укуктарга, лицензияларга, уруксаттарга, маалыматка жана кабарларга, анын ичинде бардык патенттерге, товардык белгилерге, коммерциялык сырларга, интеллектуалдык менчик укуктарына ээ экенин же үчүнчү жактардын ысымдарын, сүрөттөрүн же башка объекттерин колдонуу үчүн алардын жазуу жүзүндөгү макулдугуна, лицензиясына же уруксатына ээ экенин кепилдейт жана ырастайт. 9.4. Лицензиялоого тийиш болгон же башка уруксаттарды алууга жаткан Товарларды сунуштоо жарыяларын берген учурда, жарыянын текстинде лицензиянын/уруксаттын номерин жана мындай лицензияны/уруксатты берген органдын аталышын көрсөтүү талап кылынат. 9.5. Милдеттүү түрдө сертификациялоодон өтүүсү талап кылынган Товарлар жөнүндө Колдонуучунун жарыялары «товар тастыкталган» деген белги менен коштолууга тийиш. 9.6. Жарыяларда өзгөчө укуктардын (интеллектуалдык менчик) объектилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте колдонууга жол берилет. 9.7. Жарыялар жарандарды зомбулукка, агрессияга жана адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жарата турган кооптуу иш-аракеттерге козутпашы керек, ошондой эле башаламандык менен дүрбөлөң үгүттөбөөгө тийиш. 9.8. Жарыялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган иш-аракеттерге козутпоого тийиш. 10. Даттанууларды карап чыгуу жол-жобосу жана кайрылуу үчүн байланыш маалыматы10.1. Колдонуучунун укуктары Сервистин башка Колдонуучусу тарабынан бузулган учурда (интеллектуалдык менчиктин объектисин укукка каршы колдонуу жана башкалар), укуктары бузулган Колдонуучу Компанияга же модераторлорго тиешелүү даттануу менен кайрыла алат. Компания даттанууну карап чыгат жана, анын негиздүү экендигинде, Компания Колдонуучунун укуктарынын бузулуусун токтотуу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу. 11. Башка шарттар11.1. Сервистин бардык материалдары жана кызматтары же алардын кайсы болбосун бөлүгү жарнама менен коштолушунун мүмкүндүгү боюнча жобону кабыл алат. Ушундай жарнамага байланыштуу Компания эч кандай жоопкерчиликтүү болбогондугуна жана кандайдыр бир милдеттенмелерди албай тургандыгына Колдонуучу макул болот. Колдонуучу Компанияга карата мындай жарнамага тиешелүү дооматтардан баш тартат.. 11.2. Сервиске катталуу ыктыярдуу болуп эсептелет. Сервиске каттоодон өтүү учурунда Колдонуучуга Сервистин кошумча кызматтары ачылат. Компания кайсы болбосун учурда Колдонуучудан каттоодон өтүүдө көрсөткөн маалыматтарын тастыктоону жана тастыктоочу документтерди талап кылуу укугун өзүнө калтырат. 11.3. Компания каалаган убакта Компания тарабынан аныкталган, мыйзамдарга каршы келбеген жол менен Колдонуучуну верификациялоого укуктуу. Эгерде Колдонуучу верификациялоодон өтпөгөн учурда, Компания Сервисти колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө, атап айтканда, жарыяларды жайгаштырууга, редакциялоого, жаңыртууга ж.б.у.с. тыюу салууга же чектөөгө укуктуу. Верификациялоодон өтүүгө тийиш болгон Колдонуучуларды тандоо Компаниянын өз ыктыяры боюнча жүргүзүлөт. 11.4. Колдонуучу каттоодон өтүүдө же/жана авторлоштурууда берүүчү маалыматтын тууралыгын текшерүү үчүн Компания өзгөчө техникалык чечимдерди жана булактарды колдонууга укуктуу. 11.5. Компания Колдонуучунун чындыгында ким экендигин жана Колдонуучу тарабынан каттоодон өтүү учурунда берген маалыматы анык экендиги жөнүндө кепилдик бере албайт. 11.6. Колдонуучуга Сервистеги жеткиликтүү куралдарды колдонуу менен контрагенттер менен байланышта болуу сунушталат. 11.7. Компания бул Келишимдин шарттарын бузган Колдонуучунун Сервистин кызматтарына жеткиликтүүлүгүн өз ыктыяры менен токтотууга укугун өзүнө калтырат. 11.8. Колдонуучу башка адамдардын укуктарын же колдонуудагы мыйзамдарды бузган учурда, ошондой эле башка себептер менен Компания Колдонуучунун кирүү мүмкүнчүлүгүн өз ыктыяры менен чектегенге же токтотконго укуктуу. 11.9. Кызматтарга жеткиликтүүлүгү токтотулган же маалыматтары анык болбой калган Колдонуучу Компаниянын өзгөчө уруксатысыз кайталап каттоодон өтүүгө укугу жок. Ошондой эле мындай Колдонуучу Сервиске жана анын кызматтарына кирүү үчүн башка Кодонуучунун каттоо маалыматтарын пайдаланууга укугу жок. 12. Сервисти колдонуу12.1. Компания бардык Колдонуучуларга Сервиске жарыя жайгаштыруу укугун жана Сервис аркылуу Товарларды сатып алууга Буйрутма түзүү укугун берет. 12.2. Колдонуучу мыйзамдарды же эл аралык укуктун ченемдердин бузуу катары карала турган, анын ичинде интеллектуалдык менчик, автордук жана/же аралаш укуктарды буза турган, ошондой эле Сервистин ченемдүү иштөөсүнүн бузулуусуна алып келүүчү же алып келе турган башка бардык аракеттерди жасабоого макулдук берет. 12.3. Товарларга карата бардык бүтүмдөр Колдонуучулар арасында түздөн-түз түзүлөт. Компания Сервис аркылуу Колдонуучулар арасында аткарылган бүтүмдөрдүн катышуучусу жана/же ортомчусу болуп саналбайт. Компания мындай бүтүмдөрдү (анын ичинде Товарлардын бар болушу, алардын сапаты жана жеткирүүсү, эгер аны ишке ашырбаса) көзөмөлдөбөйт жана алар үчүн жооп бербейт. 12.4. Колдонуучунун Сервистеги пикирлери, билдирүүлөрү, ошондой эле башка жазуулары мыйзам талаптарына жана морал менен адеп-ахлактын жалпы кабыл алынган ченемдеринин талаптарына каршы келбеши керек. 12.5. Сервисте шилтемелери камтылышы мүмкүн болгон тышкы булактарга Колдонуучу тарабынан кирүүгө жана аларды колдонууга Компания жоопкерчилик тартпагандыгы тууралуу Колдонуучу эскертилген. Жарыялардын мазмунуна, башка булактарга болгон шилтемелердин мазмунуна жана жарыялардын сыпаттамасында көрсөтүлгөн башка маалыматка Компания жоопкерчилик тартпайт. 12.6. Колдонуучу берген жарыяларды жана маалыматтарды Компания тарабынан жарыялоо укугун алуу максатында, Колдонуучу Компанияга маалыматтарды, сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү, видео жана аудио материалдарды, маалыматтар базаларын, жарыялоолорду, ошондой эле Колдонуучу тарабынан бардык белгилүү жана белгисиз маалымат алып жүрүүчүлөрдө берилген кайсы болбосун маалыматтарды колдонууга, жайылтууга, жарыялоого, чогултууга, иштетүүгө, көрсөтүүгө, көчүрүүгө, кайталоого, калыптандырууга бардык жерде күчүндө болгон, мөөнөтсүз, кайра чакыртып алуусуз, өзгөчө эмес укугун берет. Жогоруда көрсөтүлгөн укуктар Компанияга бекер берилет. Колдонуучу ал жайгаштырган маалыматка Сервистин бардык Колдонуучуларына мүмкүндүк алуу укугун берет. Ошол эле учурда Колдонуучу Сервисте жайгаштырылган материалдарына бардык интеллектуалдык менчик укуктарын өзүнө калтырат. 12.7. Компания Колдонуучу тарабынан Сервистеги кайсы болбосун маалыматтар берилишине байланыштуу үчүнчү жактардын укуктарынын бузулушуна жооп тартпайт. 12.8. Сервистин Колдонуучусу жарыяларды Сервистин нускамаларына ылайык жайгаштырууга жана Товар жана аны сатуу шарттары жөнүндө анык жана толук маалыматты берүүгү милдеттенет. Колдонуучу жарыяда көрсөтүлгөн Товар жөнүндө маалыматты текшерүүгө, жана туура эмес жана толук эмес маалыматтар табылган учурда жарыяда тиешелүү маалыматтарды оӊдоого жана толуктоого милдеттүү. 12.9. Сервисте колдонуудагы мыйзамдарды бузган, жалпы кабыл алынган моралдык ченемдерге каршы келген, мазактаган же орунсуз, ошондой эле үчүнчү жактардын укуктарын бузган Товарлар жөнүндө жарыяларга тыюу салынат. 12.10. Бул Келишим бузулган учурда, Сервистин акы төлөнүүчү кызматтарын колдонуу жарыянын Компания тарабынан бөгөттөлүнүп салынбагандыгына кепилдик бербейт. Жарыяларды жайгаштыруунун эрежелери бузулган учурда, Сервистин кызматтары үчүн төлөнгөн акча каражаттары кайтарылбайт. 12.11. Жарыяларга товарларды жана кызматтарды сатуу, колдонуу жөнүндө сунуштарды жана алар жөнүндө башка маалыматтарды камтыган интернет-сайттардын барактарына шилтемелерди калтырууга тыюу салынат. 12.12. Колдонуучу төмөнкүлөргө колдоо көрсөтпөөгө жана алардын кызматтары жөнүндө маалыматтарды жайылтпоого милдеттенет: • Башка соода аянтчалары, интернет-аукциондор жана/же интернет-дүкөндөр; • Сервисте көрсөтүлгөн товарларды жана кызматтарды ошол эле же андан кем баада сунуш кылган башка сервистер; • Сервисте сатууга тыюу салынган товарларды жана кызматтарды сунуш кылуучу башка сервистер. 12.13. Колдонуучу Сервиске кирүү мүмкүндүгүн алуу үчүн Компаниянын кат жүзүндөгү алдын-ала уруксатысыз автоматтык программаларды колдонбоого милдеттенет. Компаниянын кат жүзүндөгү уруксаты жок учурда жарыяларды жайгаштыруунун кадимки тартибинен тышкары жарыяларды жайгаштырууга мүмкүндүк берүүчү компьютердик программаларды колдонууга тыюу салынат. 12.14. Мындан тышкары, Колдонуучу төмөнкүлөргө милдеттенет: • Сервистин инфраструктурасына чоӊ жүктөм алып келүүгө мүмкүн болгон эч кандай иш-аракеттерди жасабоого; • Компаниянын алдын ала кат жүзүндөгү уруксаты жок Сервисте камтылган кандай болбосун маалыматты көчүрбөөгө, кайра жасабоого, өзгөртүүгө, жайылтпоого жана коомчулукка бербөөгө; • Сервистин ишине жолто кылбоого, ошондой эле Сервиске кирүүгө тоскоол кылуу же чектөө жасоо максатында автоматтык системалардын же процесстердин аракеттерине жолто кылбоого; 12.15. Колдонуучуга бул Келишимди же үчүнчү жактардын укуктарын бузуу менен маалыматты берүүгө тыюу салынат. Колдонуучу тарабынан берилүүчү маалымат жана анын Сервистеги аракеттери төмөнкүдөй болбоого тийиш: • жалган, так эмес же адаштырган; • одоно, кордогон сөздөрдү камтыган; • алдамчылыкка, алдоого же ишенимди кыянаттык менен колдонууга түрткү берген; • уурдалган же жасалма буюм заттар менен бүтүмдөрдү жасоого алып келген; • үчүнчү жактын менчигин, анын коммерциялык купуя сырын же анын жеке турмушунун кол тийбестик укугун бузган же аларга кол салган; • кимдир-бирөөнүн абийирине, кадыр-баркына же ишкердик аброюна шек келтирген маалыматтарды камтыган; • башка адамдар жөнундө ушул адамдардын ачык макулдугу жок жеке же идентификациялоочу маалыматты камтыган; • кимге болбосун жалааны же коркутууну камтыган; • кылмышты жасоого чакырган, ошондой эле улуттар аралык араздашууну козутуучу призывать к совершению преступления, а также разжигать межнациональную рознь; • уятсыз болгон, же порнографиялык мүнөздө болгон; • компьютердик вирустарды камтыган, ошондой эле зыянга учуратууга, мыйзамсыз кирүүгө, кайсы болбосун системанын маалыматтарын же системанын өзүн, же анын бир бөлүгүн, же жеке маалыматты же башка малыматтарды (Сервистин маалыматтарын кошо) жашыруун уурдоого же менчиктеп алууга багытталган башка компьютердик программаларды камтыган; • жашы жете электерге зыян келтирген; • аморалдуу деп эсептелген, сойкулук же башка формалары сыяктуу, бирок аны менен чектелбестен, моралдын жана мыйзамдын ченемдерине каршы келген сервистер жөнүндө маалыматтарды камтыган; • Компаниянын сервистери менен атаандаш сайттарга шилтемелерди же алар жөнүндө маалыматты камтыган; • «спам», «бакыт каттары», «пирамидалар схемалары» сыяктуу маалыматты же ылайыксыз же жалган коммерциялык жарнаманы камтыган; • конкреттүү товарды же кызматты сунуш кылбай, жалаӊ жарнамалык мүнөздөгү материалдарды камтыган; • үчүнчү жактардын интеллектуалдык укуктарын бузган, жарандын сүрөткө болгон укугун, жана үчүнчү жактардын башка укуктарын бузган; • башка жол менен колдонуудагы мыйзамдарды бузган. 12.16. Колдонуучуга өзүн башка Колдонуучу кылып көрсөтүү жана анын атынан билдирүүлөрдү жазуу максатында башка Колдонуучулардын аттарына окшош Колдонуучулардын аттарын колдонууга тыюу салынат. 12.17. Колдонуучуга Сервис жана/же Колдонуучу тарабынан колдонуудагы мыйзамдарды бузууга алып келүүчү жарыяларды жайгаштырууга, Сервистин кызматтарын колдонуу менен бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жана аткарууга тыюу салынат. 12.18. Компания Сервистеги жарыя Колдонуучу тарабынан көрсөтүлгөндөн айырмаланган, бирок мындай Товарга тийиштүү жарыяны берүүдө Товарды начарлатпаган ыкма менен жайгаштырылган Товарды жарнамалоого укуктуу. 12.19. Компания Сервис тарабынан көзөмөлдөнгөн же көзөмөлдөнбөгөн техникалык себептерден улам кайсы болбосун Товарды көрсөтүү мөөнөттөрүн жылдырууга, бүтүрүүгө жана узартууга укуктуу. 12.20. Компания кайсы болбосун жарыянын көрсөтүүсүн каалаган убакта бул Келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди бузган себептерден улам, ошондой эле башка Колдонуучулардын укуктарын бузган же колдонуудагы мыйзамдарды бузган себептерден улам, ошондой эле башка себептерден улам токтотууга укуктуу. Ошондой эле Компания тийиштүү Колдонуучунун Жеке кабинетин (аккаунтун) бул Келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди бузган себептерден улам бөгөттөшү же өчүрүшү мүмкүн. 12.21. Жарыялар жайгаштырылгандан мурун орфографиялык каталар, басмадан кеткен каталар,сүрөттөрдүн, тексттердин сапаты ж.б.у.с. боюнча алдын ала модерациядан өтөт, бул нерсе жарыянын мазмуну боюнча жоопкерчиликти Компанияга толук же жарым-жартылай жүктөө деп эсептелбейт, ал эми материалдардын КРдин мыйзамдарына ылайыктуулугуна текшерүү, автордук жана башка мүлктүк эмес укуктарынын бузулуусу, жайгаштырылуучу маалыматтардын аныктыгы, Товарлардын бал болуусу же жарнамаланган Товарларды жеткирүү мүмкүнчүлүгү боюнча милдеттенмелер толугу менен Колдонуучуга жүктөлөт. 12.22. Компания укук ээсинин же компетенттүү мамлекеттик органдардын талабы боюнча жарыяларды өчүрүүгө укуктуу. Компания коомдук моралдын принциптерине жана негиздерине туура келбеген жарыяларды да өчүрүү укугун өзүнө калтырат. 12.23. Компания өзүнүн көзөмөлүндөгү же көзөмөлүнө кирбеген техникалык себептерден улам, Колдонуучунун Товарын көрсөтүүнүн мөөнөтүн которууга, аягына чыгарууга же узартууга укуктуу. Колдонуучу товарын же кызматын бул Келишимдин шарттарын же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен каттаган учурда, Компаниянын ал жарыяны көрсөтүүнү токтотууга укугу бар. 12.24. Компания жарыяларды редакциялоого, аларды башка рубрикаларга которууга, ошондой эле мыйзамдарга ылайык Колдонуучулардын жарыялары менен кайсы болбосун башка иш-аракеттерди жасоого укуктуу. 12.25. Компания себептерин түшүндүрбөй туруп жарыяны жайгаштыруудан (жарыялоодон) баш тартууга укуктуу. 12.26. Колдонуучу жарыялардын мазмунуна (жана Сервисте Колдонуучу тарабынан жайгаштырылган башка маалыматка), колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, толук жана өзгөчө жоопкерчилик тартат. 13. Акы төлөнүүчү кызматтар13.1. Колдонуучулар Сервисте Акы төлөнүүчү кызматтарга тапшырык бере алат. 13.2. Компания Колдонуучуга «Бизнес профиль» акы төлөнүүчү кызматын түзүүгө жана тариздөөгө (активдештирүүгө) мүмкүнчүлүк берет. «Бизнес профиль» кызматынын сыпаттамасы Колдонуучунун Жеке кабинетинде (аккаунтунда) жарыяланган, ошондой эле Сервистин башка баракчаларында жайгаштырылган. Кызматтын баасы Колдонуучунун Жеке кабинетинде (аккаунтунда), ошондой эле Сервистин башка баракчаларында жайгашкан тарифтерге ылайык аныкталат. 13.3. Башка акы төлөнүүчү кызматтарды активдештирүү, алардын түрлөрү жана сыпаттамалары Сервистин башка баракчаларында жайгаштырылат. Башка акы төлөнүүчү кызматтардын баалары Колдонуучунун Жеке кабинетинде (аккаунтунда), ошондой эле Сервистин башка баракчаларында жайгашкан тарифтерге ылайык аныкталат. 13.4. Компания Колдонуучуга Сервиске жарнама (мындан ары – «Жарнамалык кызматтар») жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Жарнамалык кызматтардын баалары Сервистин башка баракчаларында жарыяланган тарифтерге ылайык аныкталат. 13.5. Эгерде Колдонуучу Сервистин Акы төлөнүүчү кызматтарын колдонууну улантып жаткан учурда, ал Келишимге же Маалыматты жайгаштыруу эрежелерине киргизилген бардык өзгөртүүлөр менен макул болот жана кабыл алат. 13.6. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, көлөмү, баасы жана башка шарттары Компания тарабынан Колдонуучу менен алдын ала макулдашпастан өзгөртүлүшү мүмкүн, бул тууралуу Компания тарабынан Сервистин тиешелүү баракчаларында көрсөтүлөт. Жгерде, кайсы болбосун кызматтын бири активдештирилгенден кийин анын шарттары өзгөрүлүп, Колдонуучу жаңы шарттар менен макул болбогон учурда, мындай Колдонуучу бул Келишимде каралган тартипте жана шарттарда активдештирилген кызматты алуудан баш тартууга укуктуу. 13.7. Бул Келишим боюнча Кызматтарды көрсөтүү үчүн отчеттук мезгил болуп календардык ай саналат. 13.8. Бул Келишим боюнча Акы төлөнүүчү кызматтардын баалары Колдонуучу тарабынан тандалган тарифтерди эсепке алуу менен аныкталат. Ошол эле учурда Компания Колдонуучуга бир тараптуу тартипте же Тараптардын өз ара кошумча макулдашуусунун негизинде колдонуудагы тарифтерге кошумча арзандатууларды жана/же бонустарды бергенге укуктуу. 13.9. Акы төлөнүүчү кызматтардын баалары бардык салыктарды жана жыйымдарды өзүнө камтыйт. 13.10. Акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү, бул Келишимдин шарттарына ылайык, эгерде Тараптар башка шарттарды кошумчалап киргизбеген учурда, кызматтардын наркын 100% (жүз пайыз) өлчөмүндө алдын ала төлөө шарттарынын негизинде жүзөгө ашырылат. 13.11. Кызматтарды төлөө Колдонуучу тарабынан Компания өз алдынча белгилеген Төлөө каражаты аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле төлөө ыкмалары жөнүндө толук маалымат Сервистин баракчаларында жайгаштырылат же Сервисте көрсөтүлгөн контакттар боюнча Компания тарабынан берилиши мүмкүн. Төлөө ыкмалары өзгөрүлүшү мүмкүн. 13.12. Колдонуучу кызматтарды ортомчулар (төлөм тутумдары, банктар жана башка субъекттер сыяктуу) аркылуу төлөгөн учурда, мындай ортомчулар үчүнчү жактар деп саналат жана кошумча комиссияларды алышы мүмкүн, төлөмдү иштетүү үчүн, акча каражаттарын которуу үчүн же башка арачылык төлөмдөр үчүн сыяктуу комиссияларды. Бардык мындай кошумча комиссиялар жана төлөмдөр, алардын ичинде валюталарды конвертациялоодо келип чыккандар, Колдонуучу тарабынан төлөнөт. 13.13. Акы төлөнүүчү кызматтар кызматтардын тиешелүү тарифтеринде орнотулган мөөнөттүн ичинде Колдонуучуга көрсөтүлөт. 13.14. Эгерде Колдонуучу Компания кызматтар көрсөтүлгөн айдан кийинки календардык айдын 5-числосуна чейин кызматтарды көрсөтүүнүн сапаты же мөөнөттөрүнө карата жүйөлүү дооматтарды көрсөтпөсө, мындай кызматтар Колдонуучу тарабынан толук көлөмдө кабыл алынган болуп эсептелет, андан ары мындай кызматтардын сапаты жана мөөнөттөрү боюнча бардык дооматтар кабыл алынбайт жана мындай кызматтар талаптагыдай сапатта жана талаптагыдай түрдө көрсөтүлгөн деп эсептелет. 13.15. Көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүү актылары, эсептер жана эсеп-фактуралары жалгыз гана жеке ишкердик субъекттери болгон Колдонуучуларга жана кызматтар үчүн түздөн-түз Компаниянын алыш-бериш эсебине накталай эмес жол менен жана мындай Колдонуучулар менен түзүлгөн өзүнчө Макулдашуулар боюнча, ошондой эле төлөм сервистеринин кызматтарын жана Сервистин контролдук-кассалык машинасын колдонбостон төлөм жүргүзгөн учурда гана берилет. Башка учурларда көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүү актылары, эсептер жана эсеп-фактуралар Компания тарабынан берилбейт. Өзүнчө жеке Макулдашууну түзүлгөн учурда бул Келишимдин шарттары Колдонуучуга жеке Макулдашууга каршы келбеген бөлүгүндө жайылат, жана өзүнчө түзүлгөн жеке Макулдашуу боюнча Компаниянын Кызматтарынын баасы бардык төлөөгө зарыл болгон салык жана жыйымдар суммасына көбөйөт. 14. Интеллектуалдык менчик14.1. Сервисте колдонулуучу программалардын, маалыматтардын, соода маркаларынын, автордук укуктун объектилеринин жана башка объектилердин жыйындысы анын мыйзамдуу укук ээлеринин интеллектуалдык менчиги болуп эсептелет жана интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдар тарабынан, ошондой эле тиешелүү эл аралык укуктук макулдашуулар жана конвенциялар тарабынан корголот. 14.2. Компания сайт жайгашкан домендик аталыштын, сайттын өзүнүн, мобилдик тиркемелердин, Сервис тарабынан түзүлгөн маалымат базаларынын (анын ичинде Сервистин Колдонуучуларынын маалыматтар базасынын), ошондой эле бардык Сервистин жана Сервистин бардык программалык камсыздоосунун өзгөчө менчик ээси болуп саналат. 14.3. Программалык камсыздоону жүктөөдө Компания Колдонуучуга программалык камсыздоону колдонуу үчүн, үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укугусуз, жеке, акысыз, өзгөчө эмес лицензияны берет. 14.4. Мындай лицензия Колдонуучуга Сервистин кызматтарын колдонуу жана Сервистин функцияларына ылайык алардан пайда табуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн гана арналган. 14.5. Компаниянын (Сервистин) (анын ичинде программалык камсыздоонун) интеллектуалдык менчигинин объектилерин толугу менен же кандайдыр-бир бөлүгүн көчүрүүгө, өзгөртүүгө, жайылтууга, сатууга, алмаштырууга же ижарага берүүгө, ошондой эле «талкалап кирүүгө» же программалык камсыздоонун баштапкы кодун Компаниянын кат жүзүндөгү уруксаты жок алуу аракетин кылууга тыюу салынат. Бул Келишимде уруксат берилгенден башка Сервистин курамына кирген жана Компанияга таандык болгон элементтерди, символиканы, тексттерди, графикалык сүрөттөрдү, программаларды, маалымат базаларын жана башка объекттерди Компаниянын же башка укук ээсинин уруксаты жок кайсы болбосун түрдө колдонуу мыйзамсыз болуп эсептелет жана мыйзамдарга ылайык соттук кароонун жана бузуучуларды жарандык-укуктук, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга себеп болушу мүмкүн. 15. Жоопкерчиликти чектөө. Форс-мажор 15.1. Колдонуучу тарабынан Сервисте көрсөтүлгөн бардык маалымат (анын ичинде жеке маалыматтар) Колдонуучу тарабынан анын Товарын сатуу үчүн жайгаштырылат. Тексттин туура киргизилишине, маалыматтардын киргизилишине жана тиешелүү формалардын туура толтурулушуна Колдонуучу жоопкерчилик тартат. 15.2. Сервисти колдонууда Колдонуучу төмөнкүдөй болуп саналган контентти жүктөөгө, жөнөтүүгө, өткөрүп берүүгө же кандайдыр бир башка каалаган жол менен жайгаштырууга жана/же жайылтууга укуктуу эмес: мыйзамсыз, зыян келтирүүчү, жалаа жапкан, адеп-ахлакты мазактаган, зомбулукту жана мыкаачылыкты көрсөткөн (же аларга үндөгөн), интеллектуалдык менчик укуктарды бузган, адамдарды расалык, этникалык, жыныстык, диний, социалдык белги боюнча жек көрүүгө жана/же басмырлоого үндөгөн, кайсы бир жактын же уюмдун дарегине мазактоолорду камтыган, порнографиянын, балдар эротикасынын элементтерин камтыган (же аларга үндөгөн), сексуалдык мүнөздөгү кызматтардын (анын ичинде башка кызматтарга жамынып) жарнамасы болуп эсептелген (же аларга үндөгөн), баңгизаттарды же алардын аналогдорун, жардыргыч заттарды же башка курал-жаракты ж.б. өндүрүү, колдонуу же башкача пайдалануу тартибин түшүндүргөн. 15.3. Колдонуучу өзү жөнүндө тигил же бул маалыматты өзүнүн гана кызыкчылыгында, анын ичинде Колдонуучу менен байланышты орнотууну же/жана Колдонуучуну идентификациялоону жеӊилдетүү үчүн жайгаштырат. 15.4. Өзү жөнүндө маалыматты жайгаштыруу менен, Колдонуучу мындай маалымат Сервисте ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырыла тургандыгын, башкача айтканда, кайсы болбосун келүүчүгө же Сервистин Колдонуучуларына жеткиликтүү экендигин түшүнөт жана ага макул болот. 15.5. Колдонуучу интернет тармагында алдамчылыкка, ошондой эле Колдонуучу тарабынан маалыматты жайгаштырууга байланыштуу тобокелдерди, анын ичине төмөнкүнү кошкондо, бирок булар менен гана чектелбеген тобокелдерди түшүнөт жана өзүнө кабыл алат: электрондук почта дарегинин спам-билдирүүлөрдү жөнөтмөлөр үчүн тизмеге кирип калуу тобокели, электрондук почта дарегинин ар кайсы алдамчылардын колуна түшүп калуу тобокели, телефон номурунун SMS-спамерлердин жана/же SMS-алдамчылардын колуна түшүп калуу тобокели жана мындай маалыматты жайгаштыруудан келип чыккан башка тобокелдер. 15.6. Сервис, Сервистин Колдонуучулар тарабынан бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жана аткарууга (ишке ашырууга), чыгымдарга, алынбай калган пайдага, кирешелерге, финансылык чыгашаларга же бүтүмдөрдү жасоонун натыйжасында келтирилген кыйыр, фактылык, кошумча же жазапулдук чыгашаларга, ошондой эле кайсы-бир жактын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасындагы чыгашаларга жоопкерчилик тартпайт. 15.7. Компания Товарга карата бүтүмдөрдүн уюштуруучусу, ортомчусу, сатып алуучу же сатуучу болуп саналбайт. 15.8. Сервистин кызматтарын колдонуп жатып, Колдонуучу Сервисти өзүнүн жоопкердиги жана тобокелдиги менен колдонуп жатканына, Сервисте жайгаштырылган жарыяларды колдонууга байланыштуу бардык тобокелдиктерди өз мойнуна алганына өзүнүн макулдугун ырастайт. 15.9. Компания Колдонуучулар жайгаштырган жарыяларды ар дайым текшере бербейт, ошондуктан Товардын сапаты, коопсуздугу, мыйзамдуулугу жана анын баяндамасына шайкештиги, ошондой эле сатуучунун Товарды сатуу жана сатып алуучунун Товарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү Сервистин көзөмөлүнөн тышкары турат. 15.10. Компания, Колдонуучу тарабынан Сервис аркылуу жайгаштырылган жана/же жайылтылган кандай түрдөгү болбосун контетти карап чыгууга милдеттүү эмес экенин, ошондой эле Компания Колдонуучу тарабынан жарыяны жайгаштырууга жана/же жайылтууга аны менен өз ыктыяры боюнча макул болбоого же Сервис аркылуу жеткиликтүү болгон каалаган контентти өчүрүүгө укугу (бирок милдет эмес) бар экенин, Колдонуучу таанйыт жана макул болот. 15.11. Компания жарыяларда Колдонуучулар тарабынан жайгаштырылган маалыматттардын аныктыгын көзөмөлдөй албайт. 15.12. Сервисти колдонуп жатып, Колдонуучу Сервисти "кандай болсо ошондой" өз жоопкердигинде жана тобокелдигинде колдонуп жатканына өзүнүн макулдугун тастыктайт. Колдонуучу Сервистеги жайгаштырылган жарыяларды жана маалыматтарды колдонууга байланыштуу бардык тобокелдиктерди баалайт жана өз мойнуна алат, ал эми Компания, ошондой эле анын жетекчилиги, кызматкерлери жана агенттери Сервисте жайгаштырылган жарыялардын жана маалыматтардын мазмуну үчүн, ошондой эле Сервисте жайгаштырылган жарыяларды, маалыматтарды колдонуунун натыйжасында келип чыккан ар кандай чыгым тартуулар жана жоготуулар үчүн эч кандай жоопкерчиликти өз мойнуна албайт. 15.13. Компания, анын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле Сервистин колдоо кызматы Сервисте жайгаштырылган Колдонуучунун байланыш маалыматтарын үчүнчү жактар тарабынан пайдаланылганына байланыштуу Колдонуучуга келип жаткан ар кандай билдирүүлөрдүн (анын ичинде Колдонуучулардын почта үкөгүнө жана/же уюлдук телефонуна келген, ошондой эле ар кандай бөтөн мессенжерлердин жана сервистердин жардамы аркылуу алынган билдирүүлөрдүн) мазмуну үчүн, ошондой эле Колдонуучулардын маалыматтарынын башкача пайдаланылгандыгы үчүн жана мындай маалыматты пайдалануудан келип чыккан чыгым тартуулар жана жоготуулар үчүн эч кандай жоопкерчиликти албайт. Колдонуучу гана мындай билдирүүлөрдө камтылган маалыматтардын анын тарабынан колдонулганы үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алат. 15.14. Колдонуучу, Сервиске жарыяны жайгаштыруу фактысы кайсы-бир Товарды сунуштоо, сатуу жана\же сатып алуу анык жана легалдуу экендигине кепилдик болуп эсептелбегендигин түшүнөт. Бүтүмдү ишке ашыруу жөнүндө чечимди Колдонуучу өз алдынча кабыл алат. 15.15. Колдонуучу, жарыядагы Колдонуучу тарабынан жайгаштырылуучу контенттин мазмуну колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугу үчүн өз алдынча жоокерчилик тартат, аны ичине үчүн жактардын алдындагы төмөнкү учурлардагы жоопкерчиликти кошо: Колдонуучу тарабынан тигил же бул контенттин жайгаштыруусу же контенттин мазмуну үчүнчү жактардын укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын, анын ичинде авторлордун жеке мүлктүк эмес укуктарын, үчүнчү жактардын башка интеллектуалдык укуктарын бузганда же бузушу мүмкүн болсо, жана/же аларган таандык материалдык эмес убайларына кол салса/кол салуу коркунучун жаратса. 15.16. Сервистин материалдарын укук ээлеринин макулдугусуз колдонууга жол берилбейт. Сервистин материалдарын укук ченемдүүлүк менен колдонуу үчүн укук ээлери менен уруксаттама келишимдерин түзүү (лицензия алуу) зарыл. 15.17. Сервистин материалдарын, коргоодогу автордук чыгармаларды кошо, цитаталоодо Сервиске милдеттүү түрдө шилтеме берилет. 15.18. Колдонуучу, Сервисте шилтемеси камтылышы мүмкүн болгон тышкы булактарга Колдонуучу киргенине жана аларды колдонуусуна Компания жоопкерчилик тартпайт экени тууралуу алдын ала эскертилген. 15.19. Колдонуучу, Сатуучу жана/же башка Колдонуучулар жана/же Сервистин келүүчүлөрү ортосундагы бардык талаштарды Колдонуучу Компанияны тартпастан, анын ичинде финансы жагынан, өз алдынча чечет экенине Колдонуучу макул болот. 15.20. Колдонуучу ага төмөнкүлөрдү кылууга тыюу салынаарын түшүнөт жана ага макул болот: 15.20.1. Кандайдыр бир коммерциялык максаттар үчүн Компаниянын сервистеринин кайсы бир бөлүктөрүн, же аларга кирүү мүмкүндүгүн кайта өндүрүүгө, кайталоого жана көчүрүүгө, сатууга же алып сатууга, ошондой эле колдонууга, мындай колдонуу Макулдашууда же Сервистин ишинин өзгөчөлүгүндө түздөн-түз каралган, же Колдонуучу Компаниядан жазуу жүзүндөгү уруксат алган учурлардан тышкары; 15.20.2. Мыйзамдарга же кандайдыр бир келишимдик мамилелерге ылайык мындай аракеттерге укугу жок болгондо контентти жүктөөгө, жөнөтүүгө, өткөрүп берүүгө же каалаган башка жол менен жайгаштырууга жана/же жайылтууга; 15.20.3. Атайын уруксат берилбеген жарнамалык маалыматты, спамды (анын ичинде издөө спамы), башка бирөөлөрдүн электрондук почта даректеринин тизмелерин, көп деңгээлдүү (тармактык) маркетингди (MLM), «бакыт каттарын» жүктөөгө, жөнөтүүгө, өткөрүп берүүгө же каалаган башка жол менен жайгаштырууга жана/же жайылтууга, ошондой эле бул иш-чараларга катышуу үчүн Компаниянын сервистерин колдонууга, же жалаң гана башка домендердин баракчаларына колдонуучуларды жиберүү үчүн Компаниянын сервистерин колдонууга; 15.20.4. Санкцияланбаган кирүүнү ишке ашыруу үчүн, кайсы болбосун компьютердик же телекоммуникациялык жабдуунунун же программанын функционалдуулугун бузууга, курутууга же чектөөгө арналган вирустарды же башка компьютердик коддорду, файлдарды же программаларды камтыган кандайдыр бир материалдарды, ошодой эле коммерциялык программдык өнүмдөрдүн сериялык номерлерин жана генерациялоо үчүн программаларды, логиндерди, шартбелгилерди жана Интернеттеги акы төлөнүүчү булактарга санкцияланбаган кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн башка каражаттарды жүктөөгө, жөнөтүүгө, өткөрүп берүүгө же каалаган башка жол менен жайгаштырууга жана/же жайылтууга, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн маалыматка болгон шилтемелерди жайгаштырууга. 15.20.5. Мыйзамдардын ченемдерин, анын ичинде эл аралык укуктун ченемдерин башкача түрдө бузууга. 15.21. Компания Сервистин кызматтарына жана\же Колдонуучулар жөнүндө кайсы болбосун маалыматка (анын ичинде жеке маалыматтарга) Компаниянын макулдугусуз ишке ашырылган (уруксатсыз) үчүнчү жактардын бардык кирүүлөрү үчүн жоопкерчиликте болбойт. 15.22. Колдонуучу, Сервистин бардык материалдары же алардын кайсы болбосун бөлүгү жарнама менен коштолушу мүмкүн тууралуу жобону кабыл алат. Колдонуучу, Компания мындай жарнамага байланыштуу кандайдыр бир жоопкерчиликте болбойт жана кандайдыр бир милдеттенмелери жок экенине макул болот. 15.23. Сервиске жайгаштырылган, кайсы болбосун сайтка, өнүмгө, кызматка, коммерциялык же коммерциялык эмес мүнөздөгү кайсы болбосун маалыматка болгон шилтеме (бардык формадагы) Компания тарабынан бул өнүмдөрдү жактыруу же сунуштоо болуп саналбайт, бул тууралуу Компаниянын булактарында түздөн-түз көрсөтүлгөн учурлардан тышкары. 15.24. Колдонуучу, Компаниянын сервистеринде же бул сервистерди колдонуу менен Колдонуучу тарабынан жарыяланган бардык сүрөттөрдү, ысымдарды, аталыштарды, материалдарды Компания жарнамалык өнүмдөрдө, блогдордо, акцияларда ж.б.у.с., анын ичинде четтик булактардан колдонууга укутуу экенин тааныйт жана макул болот. 15.25. Колдонуучу, Сервистин кайсы болбосун мазмуну менен байланышкан жана\же Колдонуучу ишке ашырган бүтүмдөрдүн натыйжасында, автордук укуктарды каттоо жана мындай каттоо жөнүндө маалыматтар, Сервисте жеткиликтүү болгон товарлар жана кызматтар же Сервисте жайгаштырылган маалыматты колдонуу менен өзү кирген Колдонуучунун башка байланыштары боюнча ар кандай мүмкүн болгон же пайда болгон жоготуулар жана чыгашалар үчүн жоопкерчиликтүү болбойт жана Колдонуучунун алдында тике же кыйыр милдеттенмелери жоктугуна макул болот. 15.26. Компания, Сервиске өткөрүп бере турган же үчүнчү жактардын Сервис аркылуу өткөрүшү мүмкүн болгон бардык программалык үзгүлтүктөргө, бузулууларга жана башка техникалык кемчилдиктерге, ошондой эле катачылыктарга, программалык вирустарга ж.б. жоопкерчиликтүү болбойт. 15.27. Колдонуучу колдонуудагы мыйзамдарга жана бул Келишимге ылайык гана аракет кылууга жана ошондой эле Сервистин кызматтарын колдонууда Сервистеги өзүнүн аракеттерине жана/же аракетсиздигине мыйзамдарга ылайык толук жоопкерчиликте болууга милдеттенет. 15.28. Колдонуучунун укуктарын Сервистин башка Колдонуучусу тарабынан бузулган учурда (интеллектуалдык менчиктин объектисин укукка каршы колдонуу жана башкалар), укуктары бузулган Колдонуучу Компанияга же модераторлорго тиешелүү даттануу менен кайрыла алат. Компания даттанууну карайт жан анын негиздүү экендигинде Компания Колдонуучунун укуктарын бузууну токтотуу боюнча чараларды көрүүгө укуктуу. 15.29. Компания жарыяларда жайгаштырылган Товарлардын коопсуздугу жана укуктук «тазалыгы» жана Колдонуучулардын Товарды сатуу/сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү түзүү учурунда коопсуздугу үчүн жооп бербейт. 15.30. Бир дагы Тарап бул Келишим боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн мындай милдеттерди аткаруу Тараптар Келишимди түзгөн учурда алдын ала биле албаган жеңилгис күч кырдаалдарынан улам кармалса же бузулса, жооптуу деп эсептелбейт. Мындай кырдаалдарга төмөнкүлөр кирет: жер титирөөлөр, суу ташкындар, өрттөр, башка табигый кырсыктар, куралдуу жаңжалдар жана интервенция, террористтик актылар, жапырт башаламандык, элдик толкундоолор, иш таштоолор, мыйзамдарда өзгөртүүлөр, мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдери, ошондой эле Тараптардын бул Келишимди аткарууга түздөн-түз таасир этиши мүмкүн болгон башка жагдайлар. 15.31. Бардык кырдаалдарда Компаниянын жоопкерчилиги, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин-беренесине ылайык, 10 000 (он миң) сом менен чектелген жана анын аракеттеринде күнөө бар болгон учурда ага жүктөлөт. 16. Бөлөк шарттар 16.1. Бул Келишимдин шарттарын аткаруунун жүрүшүндө же ага байланыштуу тараптардын ортосунда чыгышы мүмкүн болгон бардык талаштар жана келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилүүгө тийиш, ал эми сот тартибинде – Компаниянын жайгашкан жери боюнча соттордо. Ушуну менен бирге талаштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу милдеттүү түрдө болуп саналбайт. Соттук териштирүүнүн тили – орус тили. 16.2. Бул Келишимге, ошондой эле бул Келишимден келип чыккан Тараптардын мамилелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулууга тийиш. 16.3. Компания бир тараптуу тартипте, Колдонуучуларга кабарлабастан бул Келишимди өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Келишимдин жаӊы редакциясы Сервисте жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 16.4. Келишимдеги эч нерсе Колдонуучу менен Компаниянын ортосундагы агенттик мамилелердин, Жолдоштук мамилелердин, биргелешкен ишмердик боюнча мамилелердин, жеке жалдоо мамилелерин, же Келишимде түздөн-түз каралбаган башка кайсы бир мамилелердин түзүлүшү катары түшүнүлүшү жана чечмеленүүсү мүмкүн эмес. 16.5. Келишимдин айрым жоболорунун жараксыздыгы (мажбурлап аткаруунун мүмкүн эместиги) Келишимдин калган жоболорунун жарактуулугун (мажбурлап аткаруунун мүмкүндүгүн) же бүтүндөй Келишимдин жарактуулугун козгобойт. Компания тарабынан кандайдыр бир укукту ишке ашырбоо (же ишке ашыруудан баш тартуу) мындан кийин мындай укукту ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнөн аны ажыратпайт. 16.6. Колдонуучулардын кимдир бирөөсүнүн Келишимдин жоболорун бузуусунда Компания тарабынан болгон аракетсиздик Компаниянын өз кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча тиешелүү аракеттерди кийинчерээк көрүү укугунан ажыратпайт. 16.7. Бул Келишимде каралбаган башка бардык шарттар жана жагдайлар өзүнчө жеке тартипте жөнгө салынат. Колдонуучу бул Келишимдин бардык пункттары менен таанышып чыккандыгын жана аларды сөзсүз түрдө толук көлөмдө кабыл алгандыгын тастыктайт.